Урматтуу Буюртмачылардын көӊүлүнө!
Окутуу жөнүндө документтер орус тилинде да, эне тилинде да берилет. Документтин эне тилиндеги дубликатын берүүнүн акысы 500 рублди түзөт.
ТООРУКТАРДА, ТЕНДЕРЛЕРДЕ, КОНКУРСТАРДА ЖЕӉҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕБИЗ
Биз кызматкерлерди (персоналды) коопсуздук системасынын жабдууларынын конкреттүү түрү боюнча, ошондой эле коопсуздукту камсыздоого байланышкан башка багыттар боюнча окутуу маселелери жөнүндө Россиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн ири буюртмачылардан ушундай суроо-талаптарды дайыма алып турабыз.
Коопсуздук системасын орнотууга жана тейлөөгө укук алуу боюнча тендерлик процедураларда катышуучу уюмдар үчүн мындай окутуу эмнеге керектиги жөнүндө комментарийлер жана түшүндүрүүлөр такыр орунсуз – мунун баары төмөнкү катта жазылган.
БИЗ СИЛЕРДИН ЖЕӉИШИӉЕРГЕ КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕБИЗ:
Коопсуздукту камсыздоо системалары боюнча практикалык, же теориялык (дистанттык же вебинарлык) окутуу, же окутуунун формаларын айкалыштыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:- системаларды түзүүнүн принциптери жана курамы жөнүндө билимдерди алууга;
- колдо бар билимдерди системалаштырууга жана кеӊейтүүгө;
- жабдуулар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн алууга;
- системанын компоненттерин программалоонун жана ыӊгайлаштыруунун практикалык көндүмдөрүн алууга.
- персонал ишкана жайгашкан аймакта калат жана окутууну адаттагы жумуш графиги боюнча өтөт;
- алыска учуу жана тааныш эмес өлкөдө же региондо болуу менен байланышкан тобокелдер болбойт;
- ишсапарлык документтерди даярдоого, жол жүрүү документтерин сатып алууга, мейманкананы жалдоого ж.б. иштерге убакыт жана күч коротуштун кереги жок;
- 4 жана андан ашык адисти окутуу учурундагы чыгымдар аларды Новосибирскиге окууга жибергенге караганда бир топ аз болот, ошол эле учурда персонал туруктуу жайгашкан ордунда калат;
- Сиздин мекеменин гана кызматкерлеринен турган тайпа окутуудан өтөт, бул Сиздин кызматкерлериӊиз үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди тереӊирээк үйрөнүүгө мүмкүндүк берет;
- эгер 12ден ашык кызматкерди окутуш керек болсо, анда тайпадагы угуучулардын саны 20 адамга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн; ар бир кошумча адамды окутуунун акысы 900 рублди түзөт;
- окутуу бир уюмдун адистери үчүн да, бир нече уюмдар үчүн бир окуу тайпасынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн, окутуунун акысы буга көз каранды болбойт.
- персонал ишкана жайгашкан аймакта калат жана окутууну адаттагы жумуш графиги боюнча өтөт;
- алыска учуу жана тааныш эмес өлкөдө же региондо болуу менен байланышкан тобокелдер болбойт;
- ишсапарлык документтерди даярдоого, жол жүрүү документтерин сатып алууга, мейманкананы жалдоого ж.б. иштерге убакыт жана күч коротуштун кереги жок;
- 2 жана андан ашык адисти окутуу учурундагы чыгымдар аларды Новосибирскиге окууга жибергенге караганда бир кыйла аз болот, ошол эле учурда персонал туруктуу жайгашкан ордунда калат;
- Сиздин мекеменин гана кызматкерлеринен турган тайпа окутуудан өтөт, бул Сиздин кызматкерлериӊиз үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди тереӊирээк үйрөнүүгө мүмкүндүк берет;
- ар бир угуучу жекече окутуудан өтө алат (анын ичинде үй шартында), бул үчүн угуучуда интернет тармагына кошулган электрондук жабдык (смартфон, планшет, ПК, смарт-ТВ ж.б.) болушу жетиштүү;
- эгер 12ден ашык кызматкерди окутуш керек болсо, анда тайпадагы угуучулардын саны 20 адамга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн; ар бир кошумча адамды окутуунун акысы 900 рублди түзөт;
- окутуу бир уюмдун адистери үчүн да, бир нече уюмдар үчүн бир окуу тайпасынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн, окутуунун акысы буга көз каранды болбойт.
- баасы!
Бирок төмөнкү квалификацияга ээ болгон адамдарга окутуунун бул түрү туура келбей турганын түшүнүү керек!
Эмнеге окутууну биз жүргүзөбүз:- ийкемдүү баалар, дээрлик 20 жыл иштеген учурубузда адекваттуу буюртмачы менен келише албаган учур болгон эмес;
- коопсуздук системаларын тейлөөчү техникалык персоналды даярдоонун 2001-жылдан берки тажрыйбасы;
- коргоонун жана коопсуздуктун техникалык каражаттарынын аймагында гана персонал даярдоого адистешүү;
- өндүрүүчү-ишканалардын расмий окутуу борборлорунун алкагында адистерди практикалык окутуу боюнча тажрыйбабыз бар;
- биздин лекторлорубуз узакка созулган практикалык тажрыйбага ээ жана ишканалардын коопсуздук системаларын орнотуу, техникалык колдоо жана тейлөө менен алектенген жетектөөчү адистери болуп саналышат;
- коопсуздук системаларынын өндүрүүчү-ишканалары менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк байланыштарыбыз бар;
- билим берүүчүлүк ишмердик жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиябыз бар;
- өрт коопсуздугунун системаларын орнотууга жана тейлөөгө укук берүүчү лицензиябыз бар.
Окутууну уюштуруу үчүн өтүнмөнү толтуруп, аны бизге электрондук почта менен жөнөтүү же алдын ала биз менен электрондук почта же телефон аркылуу байланышуу зарыл. Келишимдин формасы буюртмачынын талаптарына ылайык келтирилиши мүмкүн, бирок Россиянын билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына милдеттүү түрдө жооп берүүгө тийиш – биз каалаган келишимдик маселелерди биргелешип чечебиз.
БИЗ СИЛЕРГЕ БАРАБЫЗ!
«Болид» илимий-ишке киргизүү ишканасы (ИКИ) жабык акционердик коомунун (ЖАК) «Орион» интеграцияланган күзөт системасы (ИКС) («Болид» ИКИ ЖАКынын «Орион» ИКСи) боюнча практикалык окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:- системаны түзүүнүн принциптери жана анын курамы жөнүндө билимдерди алууга;
- колдо бар билимдерди системалаштырууга жана кеӊейтүүгө;
- жабдуулар менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүн алууга;
- системанын компоненттерин программалоонун жана ыӊгайлаштыруунун практикалык көндүмдөрүн алууга.
- персонал ишкана жайгашкан аймакта калат жана окутууну адаттагы жумуш графиги боюнча өтөт;
- алыска учуу жана тааныш эмес өлкөдө же региондо болуу менен байланышкан тобокелдер болбойт;
- ишсапарлык документтерди даярдоого, жол жүрүү документтерин сатып алууга, мейманкананы жалдоого ж.б. иштерге убакыт жана күч коротуштун кереги жок;
- 4 жана андан ашык адисти окутуу учурундагы чыгымдар аларды Новосибирскиге окууга жибергенге (таблицаны караӊыз) караганда бир топ аз болот, ошол эле учурда персонал туруктуу жайгашкан ордунда калат;
- Сиздин мекеменин гана кызматкерлеринен турган тайпа окутуудан өтөт, бул Сиздин кызматкерлериӊиз үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди тереӊирээк үйрөнүүгө мүмкүндүк берет;
- эгер 12ден ашык кызматкерди окутуш керек болсо, анда тайпадагы угуучулардын саны 20 адамга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн; ар бир кошумча адамды окутуунун акысы 900 рублди түзөт;
- окутуу бир уюмдун адистери үчүн да, бир нече уюмдар үчүн бир окуу тайпасынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн, окутуунун акысы буга көз каранды болбойт.
Окутуу методу | Бир кишинин учуусуна орточо чыгымдар | Бир кишини мейманканага жайгаштырууга орточо чыгымдар | Орточо суткалык чыгымдар (келген жана кеткен күндөрдү кошкондо) | Бир кишини окутуунун наркы | 1 кишиге сарпталуучу жалпы чыгымдар | 4 кишилик тайпанын жалпы чыгымдары | 12 кишилик тайпанын жалпы чыгымдары |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Угуучунун Новосибирск. шаарына жөнөтүлүшү | 28 000 рубль | 5 сутка х 2 900 = 14 500 рубль | 7 сутка х 700 = 4 900 рубль | 9 500 рубль | 56 900 рубль | 227 600 рубль | 682 800 рубль |
Буюртмачынын базасында көчмө окутуу | - | - | - | - | - | 215 000 рубль | 234 800 рубль |
Экономикалык натыйжа | + 12 600 рубль | + 448 000 рубль |
- коопсуздук системаларын тейлөөчү техникалык персоналды даярдоонун 2001-жылдан берки тажрыйбасы;
- коргоонун жана коопсуздуктун техникалык каражаттарынын аймагында гана персонал даярдоого адистешүү;
- «Орион» ИКСи боюнча адистерди практикалык окутуунун 10 жылдан ашык тажрыйбасына ээбиз, анын ичинде «Болид» ИКИ ЖАКынын Авторлошкон окутуу борбору катары (РФда мындай борбордон болгону 4өө эле бар);
- биздин лекторлорубуз узакка созулган практикалык тажрыйбага ээ жана «Орион» ИКСин жана башка коопсуздук системаларын орнотуу, техникалык колдоо жана тейлөө менен алектенген ишканалардын жетектөөчү адистери болуп саналышат;
- окутуу процесси башталганга чейин биз угуучуларды окутуу үчүн буюртмачынын дарегине «ОРИОН» ИКСинин жабдууларын камтыган окуу стендин (же стенддерди), ошондой эле угуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн жабдуулардын комплектисин жөнөтөбүз;
- окутууну уюштуруу үчүн барган биздин адисибиз ноутбук жана «ОРИОН» ИКСин программалоо жана ыӊгайлаштыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн зарыл программалык жабдуулардын комплектисин ала барат;
- «Болид» ИКИ ЖАКы менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк байланыштарыбыз жана Авторлошкон борбордун сертификаты бар;
- билим берүүчүлүк ишмердик жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиябыз бар;
- өрт коопсуздугунун системаларын орнотууга жана тейлөөгө укук берүүчү лицензиябыз бар.
- Квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк – эреже катары, Россиялык буюртмачыларга талап кылынат. Бул №273 «Билим берүү жөнүндө...» Федералдык мыйзамында (60-берене, 10.1 пункту) каралган, (негизги кесиптик билими бар адамдар үчүн) кошумча кесиптик билим алуунун натыйжасында берилүүчү эки документтин бири. Бул документ квалификацияны тастыктоо жана карьералык өсүш үчүн, ошондой эле кесиптик стандарттардын билимге карата талаптар боюнча көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн зарыл. Берилген квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр боюнча маалыматтар Билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) киргизилет жана иш берүүчүлөр менен буюртмачылар үчүн ачык болушу мүмкүн.
Мисал - «Болид» ИКИ ЖАКынын Авторлошкон окуу борборунан берилген «Орион» ИКСин үйрөнүү жөнүндө сертификат – чет өлкөлүк да, россиялык да буюртмачыларга талап кылынат. Ал ар түрдүү тендерлик жана сатып алуучулук процедураларга катышкан учурда зарыл болот жана тиешелүү өтүнмөнү бергенде башка документтер менен чогуу тапшырылат. Чет өлкөлүк буюртмачылар үчүн сертификатты эне тилинде тариздөөгө болот, сертификаттын мазмуну да буюртмачынын талабы боюнча оӊдолушу мүмкүн. Берилген сертификаттар жөнүндө маалыматтар системанын өндүрүүчүсүнө – «Болид» ИКИ ЖАКына берилет жана Авторлошкон окуу борборунун реестрине киргизилет.
Мисал | Мисал
«Болид» ИКИ ЖАКынын адистери өткөргөн акысыз семинарлардын катышуучусунун сертификаты окутуудан өтүү жөнүндө документ болуп саналбашына жана тендердик процедуралардын уюштуруучулары тарабынан эсепке алынбашына Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү бурабыз.
Окутууну уюштуруу үчүн өтүнмөнү толтуруп, аны бизге электрондук почта менен жөнөтүү же алдын ала биз менен электрондук почта же телефон аркылуу байланышуу зарыл. Келишимдин формасы буюртмачынын талаптарына ылайык келтирилиши мүмкүн, бирок Россиянын билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына милдеттүү түрдө жооп берүүгө тийиш – биз каалаган келишимдик маселелерди биргелешип чечебиз.
ИШСАПАРЛАРДАН ҮНӨМДӨӉҮЗ
«Болид» ИКИ ЖАКы өндүргөн «Орион» ИКСи боюнча веб-окутуу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:- системаны түзүүнүн принциптери жана анын курамы жөнүндө билимдерди алууга;
- колдо бар билимдерди системалаштырууга жана кеӊейтүүгө;
- окутуучуга суроо берип, кыйынчылык туудуруп жаткан практикалык маселе боюнча консультация алууга;
- кошумча макулдашуу боюнча лекциянын эне тилге синхрондук которулушу мүмкүн;
- айрым учурларда кошумча макулдашуу боюнча биз сунуш кылган, окутуучунун жабдуусунун дал өзүндөй стенддик жабдууда тапшырмалардын аткарылышы мүмкүн.
- персонал ишкана жайгашкан аймакта калат жана окутууну адаттагы жумуш графиги боюнча өтөт;
- алыска учуу жана тааныш эмес өлкөдө же региондо болуу менен байланышкан тобокелдер болбойт;
- ишсапарлык документтерди даярдоого, жол жүрүү документтерин сатып алууга, мейманкананы жалдоого ж.б. иштерге убакыт жана күч коротуштун кереги жок;
- 2 жана андан ашык адисти окутуу учурундагы чыгымдар аларды Новосибирскиге окууга жибергенге караганда бир кыйла аз болот (таблицаны караӊыз), ошол эле учурда персонал туруктуу жайгашкан ордунда калат;
- Сиздин мекеменин гана кызматкерлеринен турган тайпа окутуудан өтөт, бул Сиздин кызматкерлериӊиз үчүн өзгөчө актуалдуу болгон маселелерди тереӊирээк үйрөнүүгө мүмкүндүк берет;
- ар бир угуучу жекече окутуудан өтө алат (анын ичинде үй шартында), бул үчүн угуучуда интернет тармагына кошулган электрондук жабдык (смартфон, планшет, ПК, смарт-ТВ ж.б.) болушу жетиштүү;
- эгер 2ден ашык кызматкерди окутуш керек болсо, анда тайпадагы угуучулардын саны 20 адамга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн; ар бир кошумча адамды окутуунун акысы 900 рублди түзөт;
- окутуу бир уюмдун адистери үчүн да, бир нече уюмдар үчүн бир окуу тайпасынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн, окутуунун акысы буга көз каранды болбойт.
Окутуу методу | Бир кишинин учуусуна орточо чыгымдар | Бир кишини мейманканага жайгаштырууга орточо чыгымдар | Орточо суткалык чыгымдар (келген жана кеткен күндөрдү кошкондо) | Бир кишини окутуунун наркы | 1 кишиге сарпталуучу жалпы чыгымдар | 10 кишилик тайпанын жалпы чыгымдары |
---|---|---|---|---|---|---|
Угуучунун Новосибирск. шаарына жөнөтүлүшү | 28 000 рубль | 5 сутка х 2 900 = 14 500 рубль | 7 сутка х 700 = 4 900 рубль | 9 500 рубль | 56 900 рубль | 569 000 рубль |
Веб-окутуу (20 саат (5 күн х 4 ак. саат)) диалогдук веб-сабактар + 36 саат биздин дистанттык окутуу серверибизде материалды өз алдынча үйрөнүү | - | - | - | - | - | 80 000 рубль + (8 кишилик х 900 рубль) = 87 200 рубль, же болбосо 8 700 рубль 1 кишиге |
Экономикалык натыйжа | + 481 800 рубль |
- коопсуздук системаларын тейлөөчү техникалык персоналды даярдоонун 2001-жылдан берки тажрыйбасы;
- коргоонун жана коопсуздуктун техникалык каражаттарынын аймагында гана персонал даярдоого адистешүү;
- «Орион» ИКСи боюнча адистерди практикалык окутуунун 10 жылдан ашык тажрыйбасына ээбиз, анын ичинде «Болид» ИКИ ЖАКынын Авторлошкон окутуу борбору катары (РФда мындай борбордон болгону 4өө эле бар);
- биздин лекторлорубуз узакка созулган практикалык тажрыйбага ээ жана ишканалардын жетектөөчү адистери болуп саналып, «Орион» ИКСин жана башка коопсуздук системаларын орнотуу, техникалык колдоо жана тейлөө менен алектенишет;
- билим берүүчүлүк ишмердик жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиябыз бар;
- өрт коопсуздугунун системаларын орнотууга жана тейлөөгө укук берүүчү лицензиябыз бар.
- Квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк – эреже катары, Россиялык буюртмачыларга талап кылынат. Бул №273 «Билим берүү жөнүндө...» Федералдык мыйзамында (60-берене, 10.1 пункту) каралган, (негизги кесиптик билими бар адамдар үчүн) кошумча кесиптик билим алуунун натыйжасында берилүүчү эки документтин бири. Бул документ квалификацияны тастыктоо жана карьералык өсүш үчүн, ошондой эле кесиптик стандарттардын билимге карата талаптар боюнча көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн зарыл. Берилген квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүктөр боюнча маалыматтар Билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) киргизилет жана иш берүүчүлөр менен буюртмачылар үчүн ачык болушу мүмкүн.
Мисал - «Болид» ИКИ ЖАКынын Авторлошкон окуу борборунан берилген «Орион» ИКСин үйрөнүү жөнүндө сертификат – чет өлкөлүк да, россиялык да буюртмачыларга талап кылынат. Ал ар түрдүү тендерлик жана сатып алуучулук процедураларга катышкан учурда зарыл болот жана тиешелүү өтүнмөнү бергенде башка документтер менен чогуу тапшырылат. Чет өлкөлүк буюртмачылар үчүн сертификатты эне тилинде тариздөөгө болот, сертификаттын мазмуну да буюртмачынын талабы боюнча оӊдолушу мүмкүн. Берилген сертификаттар жөнүндө маалыматтар системанын өндүрүүчүсүнө – «Болид» ИКИ ЖАКына берилет жана Авторлошкон окуу борборунун реестрине киргизилет.
Мисал | Мисал
«Болид» ИКИ ЖАКынын адистери өткөргөн акысыз семинарлардын катышуучусунун сертификаты окутуудан өтүү жөнүндө документ болуп саналбашына жана тендердик процедуралардын уюштуруучулары тарабынан эсепке алынбашына Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү бурабыз.
Окутууну уюштуруу үчүн өтүнмөнү толтуруп, аны бизге электрондук почта менен жөнөтүү же алдын ала биз менен электрондук почта же телефон аркылуу байланышуу зарыл. Келишимдин формасы буюртмачынын талаптарына ылайык келтирилиши мүмкүн, бирок Россиянын билим берүү тармагындагы мыйзамдарынын талаптарына милдеттүү түрдө жооп берүүгө тийиш – биз каалаган келишимдик маселелерди биргелешип чечебиз.
КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫ
Квалификацияны жогорулатуу боюнча кызматтардын буюртмачыларынын чөйрөсү өтө кеӊири – ири мамлекеттик ишканалардын кызматкерлеринен баштап өз билиминин деӊгээлин жогорулатууга кызыккан жеке адамдарга чейин. Ошол эле учурда квалификацияны жогорулатуу ишке орношууда жана карьералык өсүштө артыкчылыктарды берет, анткени Сиздин квалификацияӊызды документалдуу түрдө тастыктайт.
ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛУШТАРДЫ ӨРТКӨ КАРШЫ КОРГОО
Багыты – «Имараттардын жана курулуштардын өрт өчүрүү жана өрткө каршы коргоо каражаттарын орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо»
Ишмердиктин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча окутуу:
- Өрт өчүрүү системаларын жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Өрт жана күзөт-өрт ишараты (сигнализациясы) системаларын жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Өрткө каршы суу менен камсыздоо системаларын жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Түтүнгө каршы желдетүү автоматтык системаларын жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Өрт учурунда кабар берүү жана эвакуациялоо системаларын жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Фотолюминесценттик эвакуациялык системаларды жана алардын элементтерин орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо.
- Өрткө каршы пардаларды жана көшөгөлөрдү орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо, анын ичинде диспетчерлештирүү жана ишке киргизүү-жөндөө иштерин жүргүзүү.
- Өрткө каршы тоскоолдордогу тешик орундарды толтурууну орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо.
Окутуу наркы – 4900 рубль (дистанттык окутуу формасы) жана 9900 рубль (күндүзгү-сырттан окутуу формасы), окуу жүктөмүнүн жалпы көлөмү – 130 саат, окутуу мөөнөтү 3 жумадан баштап.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), Сиз сунуштаган формадагы келишим түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуунун сырттан жүргүзүлүүчү бөлүгүн өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт, ошондой эле күндүзгү сабактардын графиги сунушталат (күндүзгү-сырттан окутуу формасы үчүн).
Окутуу аяктагандан кийин тестирлөө түрүндөгү жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлөт, андан кийин квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк таризделет. Күбөлүктүн түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтердик документтер почта менен жөнөтүлөт же колго берилет.
ИНЖЕНЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР МЕНЕН ОБЪЕКТИЛЕРДИ КОРГОО
Багыты – «Инженердик-техникалык каражаттардын жардамы менен объектилерди коргоону камсыз кылуу»
Карьералык өсүш үчүн жана Жеке менчик күзөт ишмердигин лицензиялоо жөнүндө Жобонун талаптарын аткаруу үчүн окутуу.
Негизги дисциплиналар: объектилердин инженердик корголушу, күзөт ишараты (сигнализациясы), интеграцияланган коопсуздук системалары, видеокөзөмөл системалары, колдонуу мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө системалары, борборлоштурулган күзөт системалары.
Окутуу наркы – 9900 рубль (күндүзгү-сырттан окутуу формасы) жана 4900 рубль (дистанттык окутуу формасы), окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 98 саат, окутуунун күндүзгү бөлүмүнүн узактыгы 5 күн.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), Сиз сунуштаган формадагы келишим түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуунун сырттан жүргүзүлүүчү бөлүгүн өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт, ошондой эле күндүзгү сабактардын графиги сунушталат (күндүзгү-сырттан окутуу формасы үчүн).
Окутуу аяктагандан кийин тестирлөө түрүндөгү жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлөт, андан кийин квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк таризделет.
ОТТОН КОРГОО
Багыты – «Материалдардын, жасалгалардын жана конструкциялардын оттон коргоосу»
Бул курстун угуучулары төмөнкүлөрдү окуп-үйрөнүшөт:
- • оттон коргоо тармагындагы ченемдик документтердин талаптары, өрткө каршы аудиттин жана өрт коопсуздугу тармагындагы тобокелдерди баалоонун негиздери, ар түрдүү материалдарды, жасалгаларды, курулмаларды оттон коргоонун усулдары, отко чыдамдуулукка сыноонун усулдары, оттон коргоонун сапатын көзөмөлдөөнүн усулдары.
Окутуу наркы – 4900 рубль (дистанттык окутуу формасы), окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 72 саат.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), Сиз сунуштаган формадагы келишим түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуудан өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт.
Окутуу аяктагандан кийин тестирлөө түрүндөгү жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлөт, андан кийин квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк таризделет.
Күбөлүктүн түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтерлик документтер почта менен жөнөтүлөт, же колго берилет.
ӨРТ ӨЧҮРҮҮНҮН БАШТАПКЫ КАРАЖАТТАРЫ
Багыты – «Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын орнотуу, техникалык тейлөө жана оӊдоо»
Бул курстун угуучулары төмөнкүлөрдү окуп-үйрөнүшөт:
өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары катары өрт өчүргүчтөрдүн зарыл санын аныктоо, аларды эсепке алууну жана техникалык тейлөөнү уюштуруу, өрт өчүрүүчү каражаттардын түрлөрү, күйүүнү токтотуу технологиясынын, өрт өчүрүү каражаттарынын жана ыкмаларынын теориялык негиздери, өрт өчүргүчтөрдүн түрлөрү, алардын белгилениши, өрт өчүргүчтүн негизги түйүндөрүнүн түзүлүшү, иштөө принциптери, ашкере басым түйүндөрүнүн түзүлүш өзгөчөлүктөрү, техникалык тейлөөнүн ченемдери, кайра дүрмөттөө процессине талаптар.
Окутуу наркы – 4900 рубль (дистанттык окутуу формасы), окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 72 саат.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), Сиз сунуштаган формадагы келишим түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуудан өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт. Окутуу аяктагандан кийин тестирлөө түрүндөгү жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлөт, андан кийин квалификацияны жогорулатуу жөнүндө күбөлүк таризделет.
Күбөлүктүн түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтерлик документтер почта менен жөнөтүлөт, же колго берилет.
КӨӉҮЛ БУРУӉУЗДАР!
«Билим берүү жөнүндө...» №273 Федералдык мыйзамдын 76-беренесинин 3-пунктуна ылайык, орто кесиптик же жогорку билим жөнүндө диплому бар адамдарга кошумча кесиптик (кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу) программаларды өздөштүрүүгө жол берилет. Кошумча кесиптик билим алуу жөнүндө бардык документтердин маалыматтары Россияда берилүүчү билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) милдеттүү түрдө киргизилет, ошол эле учурда негизги кесиптик билим алганы жөнүндө дипломдун маалыматтары болмоюнча муну аткаруу мүмкүн эмес, демек, документ жараксыз болуп калат.
Негизги кесиптик билимге ээ болбогон адамдар тиешелүү программалар боюнча окутуудан өтө алышат, бирок бул кошумча билим алуу болуп эсептелбейт, ал эми окутуу жөнүндө документ катары аларга аныкталган үлгүдөгү сертификат берилет.
КЕСИПТИК КАЙРА ДАЯРДОО КУРСТАРЫ
Адис иштеген ишмердиктин сферасынын дал өзүнө туура келген кесиптик кайра даярдоо жөнүндө диплом иш берүүчүлөр тарабынан көп учурларда реалдуу эмгектик милдеттерге айрым учурда шайкеш келбеген, профили башка негизги билим жөнүндө дипломго караганда жогору бааланат.
Кесиптик кайра даярдоо кызматтарынын буюртмачыларынын чөйрөсү – ири мамлекеттик мекемелердин кадрлык кызматтарынан баштап жеке адамдарга чейин, анткени кесиптик кайра даярдоо жөнүндө билим квалификацияны документалдуу түрдө тастыктайт да, Россиянын мыйзамдарында каралган, кошумча кесиптик билим алуунун жыйынтыгында берилүүчү эки расмий документтердин бири болуп саналат.
ИМАРАТТАРДЫ ЖАНА КУРУЛУШТАРДЫ ӨРТКӨ КАРШЫ КОРГОО
Багыты – «Өрт коопсуздугунун автоматташтырылган системалары»
Бул багыт боюнча окутуу, башка учурлар менен бирге, ӨКМ тарабынан лицензиялоо жана лицензиялык көзөмөл процедураларынан өтүү учурунда, ошондой эле ишмердиктин тиешелүү сфераларындагы квалификациясын тастыктоо үчүн, мисалы, карьералык өсүш же кесиптик стандарттардын талаптары боюнча талап кылынат.
Окутуунун жыйынтыгында квалификация жөнүндө документ – кесиптик кайра даярдоо жөнүндө аныкталган үлгүдөгү Диплом квалификацияны тастыктоо менен берилет, ал өрт коопсуздугун камсыздоо сферасында, анын ичинде имараттардын жана курулуштардын өрт коопсуздугун камсыздоо каражаттарын орнотуу, тейлөө жана оӊдоо сферасында иштөө укугун берет. Окутуунун тематикасы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт. Берилген диплом жөнүндө маалымат Россияда берилүүчү билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) киргизилет.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), келишим ошондой эле Сиздин уюмуӊуз талап кылган башка формада түзүлүшү мүмкүн.
Окутуу наркы – 9900 рубль, окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 260 саат, окутуу мөөнөтү 2 айдан 3 айга чейин.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуунун сырттан окуу бөлүгүнөн өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт, ошондой эле күндүзгү сабактардын графиги сунушталат (өзүӊүз каалагандай катышсаӊыз болот).
Дипломдук долбоорду (анын ичинде, биздин жардамыбыз менен) даярдап, аны аттестациялык комиссия карап чыккандан кийин дипломдун түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтердик документтер почта менен жөнөтүлөт же колго берилет.
ОБЪЕКТИЛЕРДИН КҮЗӨТҮН УЮШТУРУУ
Багыты – «Объектилердин инженердик-техникалык күзөтү»
Бул багыт боюнча билим алуу, башкалар менен катар, ишмердиктин тиешелүү сфераларындагы квалификацияны тастыктоо үчүн, мисалы, карьералык өсүш же кесиптик стандарттардын талаптарына жооп бериш үчүн колдонулат.
Төмөндө Россиянын күч түзүмдөрүнүн биринин суроо-талабынын мисалы берилген, ал берилген багыт боюнча даярдыгы бар адамдарды жетектөөчү кызматтарга дайындоонун реалдуулугун тастыктайт. Биздин жамаатыбыздын дээрлик бардык кызматкерлери мурун Россиянын ИИМине жана башка күч түзүмдөрүнө тикелей катышта болгондуктан, адамдардын (анын ичинде кадр резервинен) карьералык өсүшү үчүн квалификация жөнүндө документтердин маанилүүлүгү бизге жакшы тааныш.
Кесиптик кайра даярдоо курсунан өтүп, Жекече күзөт ишмердигин лицензиялоо жөнүндө Жободо аныкталган Тизмеге ылайык техникалык каражаттарды долбоорлоо, орнотуу жана эксплуатациялык тейлөө боюнча иштерди жүргүзүү сферасында кесиптик ишмердикке укук берүүчү диплом алыӊыз:
- Аудио- жана видеокөзөмөлдүн каражаттары;
- Күзөт жана күзөт-өрт ишаратынын (сигнализациясынын) техникалык каражаттары;
- Инженердик-техникалык коргоонун жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөөнүн каражаттары;
- Жүгүртүүсү чектелген буюмдарды жана заттарды табуунун техникалык каражаттары;
- Кыймылдуу жана стационардык объектилерди мониторлоонун жана навигациялоонун техникалык каражаттары.
Окутуунун жыйынтыгында квалификация жөнүндө документ – кесиптик кайра даярдоо жөнүндө аныкталган үлгүдөгү Диплом квалификацияны тастыктоо менен берилет, ал инженердик-техникалык каражаттардын жардамы менен объектилердин күзөтүн камсыздоо сферасында иштөө укугун берет. Окутуунун тематикасы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт. Берилген диплом жөнүндө маалымат Россияда берилүүчү билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) киргизилет. Окутуу наркы – 9900 рубль, окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 260 саат, окутуу мөөнөтү 2 айдан 3 айга чейин.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), келишим ошондой эле Сиздин уюмуӊуз талап кылган башка формада түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуунун сырттан окуу бөлүгүнөн өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт, ошондой эле күндүзгү сабактардын графиги сунушталат (өзүӊүз каалагандай катышсаӊыз болот).
Дипломдук долбоорду (анын ичинде, биздин жардамыбыз менен) даярдап, аны аттестациялык комиссия карап чыккандан кийин дипломдун түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтердик документтер почта менен жөнөтүлөт же колго берилет.
КҮЗӨТ ЖАНА ӨРТ ИШАРАТЫ
Багыты – «Күзөт жана өрт ишаратынын каражаттары»
Бул багыт боюнча билим алуу, башкалар менен катар, ишмердиктин тиешелүү сфераларындагы квалификацияны тастыктоо үчүн талап кылынат жана негизги кесиптик билимге ээ адамдар үчүн «Күзөт жана өрт ишаратынын (сигнализациясынын) электромонтеру» кесиби боюнча окутууга альтернатива болуп саналат. Бул багыт боюнча биздин базабызда окутуудан Газпром жана РЖД (Россия темир жолдору) сыяктуу ири корпорациялардын өтүшкөн.
Окутуунун жыйынтыгында квалификация жөнүндө документ – кесиптик кайра даярдоо жөнүндө аныкталган үлгүдөгү Диплом квалификацияны тастыктоо менен берилет, ал күзөт жана өрт ишаратынын каражаттарын долбоорлоо, орнотуу, эксплуатациялоо жана оӊдоо сферасында иштөөгө, анын ичинде мүнөздөмөлөрү ЕТКС стандартынын 6-разряддагы күзөт жана өрт ишаратынын электромонтерлоруна карата талаптарында каралган иштерди аткарууга укук берет. Окутуунун тематикасы дипломдун тиркемесинде көрсөтүлөт. Берилген диплом жөнүндө маалымат Россияда берилүүчү билим жөнүндө документтердин Федералдык реестрине (ФРДО) киргизилет. Окутуу наркы – 9900 рубль, окуу жүгүнүн жалпы көлөмү – 260 саат, окутуу мөөнөтү 2 айдан 3 айга чейин.
Окууга кабыл алынуу үчүн окутууга арыз бериш зарыл, даярдоонун тиешелүү багытынын куратору менен алдын ала аӊгемелешүүдөн кийин Сизге төлөөгө эсеп берилет жана окутууга келишим карооӊузга сунушталат (кошулуу келишими түрүндө), келишим ошондой эле Сиздин уюмуӊуз талап кылган башка формада түзүлүшү мүмкүн.
Төлөгөндөн кийин Сизге окутуунун сырттан окуу бөлүгүнөн өтүү үчүн коддор жөнөтүлөт, ошондой эле күндүзгү сабактардын графиги сунушталат (өзүӊүз каалагандай катышсаӊыз болот).
Билим берүү программасында каралган бардык аттестациялык (автоматташтырылган тестирлөө түрүндөгү) сынактардан ийгиликтүү өткөндөн кийин дипломдун түпнускасы, ошондой эле бардык келишимдик жана бухгалтердик документтер почта менен жөнөтүлөт же колго берилет.